Аламүдүн районунда кылмышка шектүү жаран кармалганын Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-мартта милицияга Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылынын өкмөтүнүн башчысы О.Р. кат менен кайрылган. Анда, Кара-Жыгач айыл аймагындагы 64,5 гектар жер тилкесинде мыйзамсыз фундаменттер куюлуп, орнотулган электро-мамыларга электролиниялары өткөрүлүп жаткандыгына байланыштуу эскертүү берип жатса, ага карабастан жогорудагы жер тилкенин ээси токтобой куруу иштери жүргүзүлүп жаткандыгын билдирип, ага мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштерин жүргүзүү учурунда К.Т. аттуу жаран Кара-Жыгач айылынын жогоруда көрсөтүлгөн контурларындагы айыл чарба багытындагы жерлердин багытын бузуп, өз билемдик менен электр мамыларын жана шагыл менен жайылтып жол жасап, участокторго бөлүп турак жай куруу үчүн элдерге сатып жатканы аныкталган.
Жүргүзүлгөн тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 1970-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.