7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жарандарга паспорт жана метрика берүү үчүн мыйзамсыз акча алып жүргөн башчы кармалды

1400

Чүй облусунун калкты каттоо органдарынын кызмат адамдары тарабынан калктан системалуу түрдө акча талап кылуу менен көрсөтүлгөн кылмыш схемасы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 23-августта сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында, ыкчам-тергөө тоб пара алып жаткан жеринен Чүй облусунун Москва районунун жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн кызмат адамы «А.И.Э.» кармашкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, кармалган адам узак убакыт бою паспортторду, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү жана башка мамлекеттик бланктарды берүү боюнча расмий мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө калктан акча чогултуу үчүн туруктуу коррупциялык схеманы түзүп алган.

«Жалпысынан 50дөн ашык фактылар аныкталды. Азыркы учурда кармалган адам УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралар жүрүп жатат», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1401