Бишкекте жарандарды тоноп, аларды мажбурлап тил кат жаздырган жаш балдар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин пресс-кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын март айынын аягында “Асанбай” кичирайонунда бир нече белгисиз адамдар башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу максатында эки жаранга кол салышкан.
«Жабырлануучулардын бири 20 жашта, ал эми экинчиси жашы жете элек өспүрүм болгон. Кылмышкерлер «Hyundai Sonata» үлгүсүндөгү автоунааны жолдун жээгине кысып барып токтотушкан. Жабырлануучулардын 25 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алышкан. Андан сырткары, эки жаранды адамдар жок жерде мыйзамсыз кармашып, бирөөсүн кылмышкерлерге 2000 АКШ долларын карызмын деп тил кат жаздырууга мажбурлашкан. Андан соң физикалык күч колдонушуп, алардын автоунаасын 2000 АКШ долларына күрөөгө коюуга мажбур кылышкан. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери комплекстүү ыкчам иш-чараларды жүргүзүшүп, 2021-жылдын 31-март күнү жогорудагы кылмыш ишине тиешеси барлардын өздүгүн такташып кармашты», — деп жазылат маалыматта.
Кармалган жарандар шаардагы жаңы конуштардын биринде жашаган 1996-жылы туулган С.И. менен Сокулук районунда жашаган 1998-жылы туулган Э.Б. экени аныкталды.
Азыркы учурда жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.