7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өкмөт үйүнүн алдында «мыйзамсыз курулуштарга каршы» митинги өтүп жатат

610

Бүгүн, 5-апрелде өкмөт үйүнүн алдында борбордогу мыйзамсыз курулуштарга каршы ар кайсы райондордон чогулган тургундардын митинги өтүп жатат. Нааразычылык акциясына болжол менен 50дөн ашуун адам катышууда.

Алар «Коррупцияга жол жок!», «Биз мыйзамсыз курулушка каршыбыз», «Мэрия карапайым элди укпайт» деген плакаттарды көтөрүп, жапырт кыйкырып турушат.

Митингчилер өкмөт өкүлдөрү алардын алдына чыгып, топтолгондордун арыз-муңун угушун күтүшүүдө. Алардын бири: «Райондо кимдир бирөө балдар аянтчасын мыйзамсыз куруп жатат, биздин мэрия баарына уруксат берет», — деди.

Митингчилер өкмөттөн ушул көйгөйлөргө көңүл бурушун өтүнүшөт, анткени шаардык мэриянын жанындагы биринчи митинг эч кандай жыйынтык берген эмес.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

611