7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улукбек Марипов: Өзбекстан Кыргызстанга 1000 тонна буудай үрөнүн жардам катары берет

656

Премьер-министр Улукбек Марипов Өзбекстан Кыргызстанга 1000 тонна буудай үрөнүн берип жатканын өзүнүн «Facebook» баракчасы аркылуу билдирди. Ошол эле учурда кыргыз тарап жардамдын жарымын бир топ убакыттан кийин кайра буудай менен кайтарып берерин айтты.

Андан тышкары Кыргызстан 500 тонна пахта үрөнүн ушундай эле келишим менен алат. Ошондой эле Өзбекстан 10 миң тонна көчөт жана 10 миң тонна унду гуманитардык жардам катары кайтарымсыз бермекчи.

Мындай колдоону Казакстан да көрсөткөнү турат.

«Казак боордоштор да 1000 тонна үрөндү күздүк буудай себүүгө жардам катары берип жатышат», — деди Марипов.

Өкмөт башчы өзүнүн билдирүүсүндө бардык өлкөлөр менен мамилебиз жакшы болушу керектигин белгиледи. Бир топ өлкөлөргө иш сапар менен барып, маселелерди мындан ары өкмөттөр аралык сүйлөшүү жолу менен чечүү керектигин айтты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

657