7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде координациялык кеңешме болуп өттү

236

УКМК тарабынан Камчыбек Ташиевдин тапшырмасын аткаруунун алкагында, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөрдү токтотууга багытталган алдын алуу иш-чараларын уюштуруу жана өткөрүү максатында КР жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде профилактикалык иш-чара жүргүзүлдү.

Аталган иш-чара КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин, ошондой эле Кыргыз Геологиялык кызматынын, «Борбордук лаборатория» МИнин, «Кыргызгеология» МИнин, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу экологиялык жана техникалык көзөмөлдөө кызматынын, Экологиялык мониторинг департаментинин, Климаттык каржылоо борборунун, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу департаментинин, Биологиялык түрлөрдү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо департаментинин өкүлдөрүнүн, ошондой эле түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин катышуусу менен өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө жыйналыштын катышуучуларына коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөр, тагыраагы коррупциялык кылмыштарды жасагандар үчүн күчөтүлгөн жазалар тууралуу маалыматтар жеткирилди.

Ошондой эле катышуучуларга мисал катары КР УКМК тарабынан 2020-2024-жылдар аралыгында Геология жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө аныкталган жана бөгөт коюлган коррупциялык схемалардын жана фактылардын жыйынтыктары айтылды.

 

237