Көк-Жардагы газ жарылган үйдө жабыркаган 62 жаштагы аял көз жумду. Бул тууралуу шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери Алмазбек Кубатбеков билдирди.
Маалыматка ылайык, аялдын денесинин 60-70% күйүп, ооруканага оор абалда түшкөнүн айтып, эртеси эле каза болуп калган. Ал эми 38 жаштагы кызы учурда аталган ооруканада дарыланууда. Анын бети, колу күйгөн. Учурда абалы туруктуу.
Эске салсак, кырсык 19-январда болгон. Анда Сейтек көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатындагы батирде газ жарылып, кызы менен энеси жабыркаган.