Ала-Арча жаратылыш паркында асма жол куруу иштерине старт берилди
139
Бүгүн Ала-Арча жаратылыш паркында асма жол куруу иштери башталды. Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев асма жол инвесторлордун эсебинен болорун, биринчи этапта бир чакырым жол салынарын айтты.
«Урматтуу мекендештер! Бүгүн биз үчүн өзгөчө күн. «Ала-Арча» табигый паркында асма жолдун курулушуна расмий старт бердик. Бул биздин өлкө үчүн маанилүү жана туризмди өнүктүрүүгө чоң кадам.
Асма жол инвесторлордун эсебинен курулат. Биринчи этапта 1 чакырым жерге куруу пландалууда. План боюнча күзүндө курулуш иштери толугу менен бүтөт.
Акыркы жылдары «Ала-Арча» паркында бир топ иштер аткарылды. Жаңы эс алуучу А-фрейм үлгүсүндө үйлөр, ресторан курулуп, эски жол толугу менен асфальтталып, жаңы жарыктандыруу орнотулду. Парктагы мейманканаларда капиталдык оңдоо иштери жүрдү.
Асма жолдун курулушу бул иштердин уландысы гана. Президенттин тапшырмасы менен туризмди өнүктүрүү жана табигый байлыктарыбызды сактап калуу негизги максатыбыз болуп саналат. «Ала-Арча» паркы азыркыдай жаратылыштын асыл мурасы гана эмес, заманбап, ыңгайлуу жана дүйнөлүк деңгээлдеги эс алуу жайына айланат.
Быйыл паркка кирген автоунааларга чектөө киргизилет, азыр 2000 орундуу унаа токтоочу жай курулуп жатат. Келечекте парктын ичинде электромобилдер ишке киргизилет, бул табигаттын тазалыгын сактоого жана эс алуучуларга ыңгайлуу шарт түзүүгө жардам берет.
Бардык иштерибиздин максаты — сиздерге, биздин жарандарга жана дүйнөдөн келген конокторго ыңгайлуу шарттарды түзүү. Кыргызстанды туризмдин борбору кылуу жолунда дагы да көп иштерди аткара беребиз»,-деди ал.