7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жардам сурап кайрылган аксакалдын өтүнүчү аткарылды

495

Буга чейин соцтармакта Ош облусунун Алай районуна караштуу Сары-Могол айылында жашаган Абдибап Мусулманкулов өлкө башчысына жана УКМК төрагасына кайрылып, кызы Динара Муратовага жана беш небересине өздүгүн тастыктаган документтерин алууга көмөк көрсөтүүнү суранган.

Аксакалдын айтымында, алардын үй-бүлөсү турмуштук кырдаалга жана оор шарттарга байланыштуу документтерди ала алышкан эмес.

Мындан улам, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен 24-июлда Абдибап Мусулманкуловдун үй-бүлөсүнө 100 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык жана неберелерине баалуу белектер тапшырылды. Ошондогй эле, учурда документтерди даярдоо процесси жүрүп жатат. Өз кезегинде аксакал президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

496