2021-жылдын 30-сентябрында жасалма документтерди колдонуу менен «Э.И.У.» аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал жасалма документтерди колдонуу менен жеке адамга Ысык-Көл облусунун аймагындагы пансионаттардын бириндеги коттеджди 40 миң АКШ долларына саткан жана мурда алынган каражатты кайтаруудан баш тартып, өлкө жана атайын кызматтардын жетекчилиги менен байланышы бар экендигин айтып коркуткан.
Кармалган жаран КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 2-бөлүгү (алдамчылык) боюнча Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Эскерте кетсек, мындай алдамчылыктан жабыркаган жарандар УКМКнын нөөмөт кызматына телефон аркылуу кайрылууну суранат 0312 660475.