7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

1109

К.Асанбектин (Камчы Көлбаевдин) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү — «Ф.А.Г.» кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-октябрда (К.Асанбектин) Камчы Көлбаевдин уюшулган кылмыштуу тобунун мүчөсү, 1958-жылы туулган «Ф.А.Г.» аттуу Казакстан Республикасынын жараны кармалды.

Кармалган «Ф.А.Г.» буга чейин баңгизат, курал -жарак, каракчылык иштери жана уюшкан кылмыштуу топту түзүү, ошондой эле Казакстан Республикасында, Кыргыз Республикасында жана башка КМШ өлкөлөрүнүн аймагында уурдалган кымбат баалуу унааларды сатууну көзөмөлдөө үчүн бир нече жолу соттолгону аныкталды.

Азыркы учурда «Ф.А.Г.» УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, анын Кыргыз Республикасынын аймагында башка да кылмыштарга тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт кою боюнча атайын иш-чараларды улантууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1110