7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жасалма интеллекттин жардамы менен вакциналар изилденет

347

Оксфорд университети вакциналарды жасалма интеллект (ЖИ) аркылуу изилдөө боюнча уникалдуу долбоорго дээрлик 160 миллион долларлык грант алат. Бул тууралуу Риа Новости жазды.

Маалыматка ылайык, беш жылдык долбоорду COVID-19га каршы AstraZeneca вакцинасынын сыноолорун башкарган профессор Эндрю Поллард жетектейт. Бул Оксфорд окуу жайынын тарыхындагы эң ири гранттардын бири болуп саналат.

Изилдөө учурунда катышуучуларга атайын көзөмөл шартында айрым бактериялар атайылап жугузулат. Бул ыкма иммундук системанын кантип иштээрин жакшыраак түшүнүүгө жардам берет. Айрыкча антибиотик менен дарылоо кыйын болгон бактерияларга көңүл бурулат.

ЖИнин жардамы менен окумуштуулар иммундук системанын коргонуу жолдорун изилдеп, вакцинанын керектүү бөлүгүн тандап алууну көздөшөт.

348