7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жасалма тосмо арыз жазып ишти жаап койгон тергөөчү кармалды

909

Бишкек шаарынын ички иштер башкармалгынын тергөөчүсү жабырлануучунун арызын териштирүнүн ордуна, жасалма тосмо арыз жазып ишти жаап койгондугу белгилүү болду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-январда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну А.Н. аттуу жаран үйүнө кирип «Артел» маркасындагы 12500 сомдук телевизорун уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүү тууралуу арызы менен кайрылган. Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси (уурулук) менен катталган.

Бирок, тергөөчүсү кандайдыр бир ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзбөстөн, жабырлануучунун арызын жасалмалап, сотко чейинки өндүрүшүн кыскартуу жөнүндө мыйзамсыз чечим чыгарган.

Аталган факт Башкы прокуратура тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренеси менен (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Учурда Бишкек шаарынын ички иштер органдарынын сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча башка кабыл алынып жаткан чечимдеринин мыйзамдуулугунун текшерүү иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

910