7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаш өспүрүмдөр «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унааны урдоого шектелип кармалды

710

Бишкекте жашы жете элек өспүрүмдөр унааны уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 20-сентябрда «102» кызматына Октябрь районунда жайгашкан үйлөрдүн биринде унаа уурдалгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери жөнөтүлүп, А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ошол эле күнү саат 00:30дар чамасында үйдүн жанында токтоп турган «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз жарандар айдап качып кеткендигин айткан.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 206-беренесинин (“Автотранспорт каражаттарын айдай качуу”) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Шектүү катары 17 жаштагы У.А. жана 15 жаштагы Б.Ч. аттуу жарандар кармалып, тергөө кызматына жеткирилди.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

711