💐Жашоо жарык сен бар үчүн аялзат!
💐Ардактуу асылзат апалар!
Ажарлуу эже-карындаштар!
Кыргызстандын кымбаттуу айымдары, 7-каналдын жалпы жамааты сиздерди бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктайбыз!
💐Сиздерге бекем ден соолук, аялзатына тиешелүү бакыт-таалай каалайбыз. Ар бир күнүңүздөр кубаныч, эргүү жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү тартууласын!
☀️Бүгүнкү аба ырайы менен таанышып алыңыздар:
8-март, жекшембиде күн ачык болот, түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерге туман түшөт. Мындай маалыматты «Кыргыз гидрометеорология» таратты.
Абанын температурасы Чүй жана Баткенде +12…+17, Талас аймагында +10…+15, Ош, Жалал-Абад облустарында +13…+18, Ысык-Көл өрөөнүндө +5…+10, Нарын жергесинде +3..+8 градус болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +14…+16, Ош шаарында +15…+17 градуска чейин көтөрүлөрү айтылды.



