7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жаштар үчүн мерчемделген 10 жыл». Республика боюнча 19 спорттук объект курулду

630

Дене тарбия жана спорт боюнча президенттин 1 жылдык берген маалыматында Республика боюнча 19 спорттук объект курулганы айтылат.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылда Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу дзюдо күрөшү боюнча эркектер жана аялдар арасында Азия чемпионатын, ошондой эле биринчи жолу триатлон боюнча да Азия чемпионатын өткөрүлдү.  Бул иш-чара кыргыз спорту үчүн маанилүү окуя экендиги талашсыз.

«Токио шаарында өткөн жайкы отуз экинчи Олимпиада оюндарында, ошондой эле Норвегияда өткөн дүйнөлүк чемпионатта Кыргызстандын желегин дүйнөгө тааныткан азаматтарыбыздын ийгиликтери өлкөбүз эгемендик алгандан берки спорт тармагындагы болуп көрбөгөндөй чоң жетишкендик болду. Келерки 10 жылга карата Жаштар саясатынын концепциясы кабыл алынды, аталган Концепцияны ишке ашыруу боюнча беш жылдык иш-чаралар планы иштелип чыкты. Жаштарды коомдук пайдалуу иштерге тартууга жана ар тараптуу өнүгүүсүнө дем берүү максатында эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен 6 облуста жаштардын 9 борбору ачылды», — дейт Садыр Жапаров. 

Ошондой эле маданий жана табигый эстеликтерди сактоо, тарыхый-маданий мурастарды жайылтуубоюнча жигердүү иштер жүргүзүлүүдө. Дүйнө жүзүндө теңдеши жок уникалдуу “Манас” эпосун даңазалоо багытында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын негизинде Кыргыз мамлекеттик “Манас театры” түзүлдү.

Элибизде “Өткөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт” деген сөз бар.

«Кыргызстандын мамлекет катары түптөлүшүнө зор салым кошкон улуу инсандарыбызды эскерүү иш-чаралары мамлекеттик деңгээлде жүзөгө ашырылууда. Руханий-адеп-ахлактык маселеге олуттуу мамиле жасалып, менин эң алгачкы жарлыктарымдын бири — “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жөнүндөгү” Жарлык кабыл алынды. Мындан тышкары элдин биримдигин, маданияттар аралык жана диндердин ортосундагы ынтымакты камсыз кылуу, мамлекеттик-конфессиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү, мамлекеттин светтик негиздерин чыңдоо максатында 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы кабыл алынды», — деп сөзүн жыйынтыктады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

631