7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаштардын чачы эмнеге эрте агарат?

832

Негизинен чачка ак адатта жаш өткөндө, организмдеги өзгөрүүлөрдөн кийин түшөт. Бирок чачтарын жаш кезинде эле ак баскандар арбын. Диетолог Майкл Болл чачтын агарышы эмне үчүн жаш куракта эле пайда болоорун түшүндүрдү.

Анын айтымында, ага биринчи кезекте генетика таасир этет. Ошондой эле чачтын ак болушу организмде В12 витамининин жетишсиздигин билдирет.

«Бул жетишсиздик чач фолликуласынын клеткаларын алсыратат жана меланин өндүрүшүнө таасирин тийгизет» деп түшүндүрдү ал.

Дары жетишсиз болгондо, адам дайыма чарчайт, жарым-жартылай көрүүсүн жоготуп, булчуңдардын алсыздыгын сезет. Мындан тышкары, калкан безинин оорулары жана тамеки чегүү чачтын жаш кезиден эле агарышына таасирин тийгизет. Никотин кан тамырларды кысып, токсиндердин топтолушуна жол ачып, чачтын агарышын шарттайт дейт дарыгер.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

833