7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жашы жете элек балдарды “Хизб-ут-Тахрирге” үндөгөн активдүү мүчөсү кармалды

909

Кечээ, 6-декабрда УКМК тарабынан КРде тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун (ДЭУ) активдүү мүчөлөрүнүн жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында “Хизб-ут-Тахрир” ДЭУнун иерархиясы боюнча «Масула» болуп саналган, “Хизб-ут-Тахрир” ДЭУнун медиа канатынын активдүү кызматкери, 1997-ж.т. КР “М.А.” аттуу жарандын жашаган жеринде “Хизб-ут-Тахрир” ДЭУга тиешелүү көп сандагы диний адабияттар, конспекттер, электрондук китептер, 9 уюлдук телефондор табылып алынды. Ошондой эле “Хизб-ут-Тахрир” ДЭУнун башка мүчөсү, 1994-ж.т. КР “Т.у.Б” аттуу жарандын жашаган жана иштеген жеринде 1 ноутбук, 4 флешка, теократиялык мамлекеттин («Халифат») Конституциясынын долбоору жазылган “Хизб-ут-Тахрир” ДЭУнун басмасынын 1 брошюрасы, 1 күндөлүк табылып, алынган.

“Хизб-ут-Тахрир” ДЭУнун жашыруун бөлүкчөсүнүн мүчөлөрү “М.А.” жашаган үйдө Арап тилинин грамматикасын үйрөтүү деген шылтоо менен “Хизб-ут-Тахрир” ДЭУнун идеологиясы боюнча диний процесске дуушар кылуу максатында, жашы жете элек балдарга мыйзамсыз диний билим берүү уюштурушканы аныкталды. Иликтөө маалында батирде Кыргыз Республикасынын ар кайсы аймактарынан 10 жаштан 17 жашка чейинки 7 өспүрүм балдар болгон, алардын көбү эмгек мигранттарынын балдары экендиги аныкталды.

“Хизб-ут-Тахрир” ДЭУнун идеологиясын окутуу мобилдик тиркемелерди жана смартфондорду колдонуу менен жүргүзүлгөн. “Хизб-ут-Тахрир” ДЭУнун “Ислам мамлекети”, “Ислам системасы”, “Партиянын биримдиги”, “Исламдагы башкаруу системасы”, “Ислам дининин түзүлүшү”, “Хизб-ут-Тахрирдин концепциясы”, “Исламдагы экономикалык түзүм”, “Исламдагы коомдук түзүм”, “Исламдык нафсия негиздери” деген аталыштар менен электрондук китептери жаш балдардын уюлдук аппараттарында таркатылган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен “М.А.” КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, жашы жете элек балдар ыйгарым укуктуу камкордук жана көзөмөлчүлүк органынын өкүлдөрүнүн катышуусунда текшерүү иш-чараларынан кийин мыйзамдуу өкүлдөрүнө жана жакын туугандарына өткөрүлүп берилди.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

910