7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жатаканадан өрт чыгып, 18 жаран жаракат алды

985

Ташкенттин Сергели районунда ун чыгарган «Узмилл» компаниясынын жатаканасында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 29-ноябрь күнү таңга маал болгон. Өрт чыккан маалда имаратта 43 жумушчу болгон, алардын 18и ар кандай деңгээлдеги күйүк менен ооруканага жеткирилген.

Куткаруучулар өрттү толугу менен өчүрүп бүтүшкөнүн билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, газ түтүгүндөгү мүчүлүштүктөрдөн улам имараттын ичи иске толуп, жарылуу болгон.

Окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн Ташкент прокурорунун орун басарынын жетекчилиги алдында ыкчам-тергөө тобу түзүлдү.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

986