Бүгүн, 26-мартта өлкө аймактарында күн ачык болуп, айрым жерлерде абанын табы 25 градуска чейин жылыйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы кабарлайт.
Абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +3… +8, күндүз +19… +24;
Талас жергесинде түнкүсүн +1… +6, күндүз +17… +24;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6… +11, күндүз +20… +25;
Нарын аймагында түнкүсүн -2… +3, күндүз +9 .. +14;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3… +2, күндүз +10… +15;
Бишкек шаарында түнкүсүн +6… +8, күндүз +22… +24 градус жылуу болот.



