Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 2026-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жана сапаттуу өткөрүү максатында 2 млн литр дизель дыйкан-фермерлерге 74 сомдон берип жатат. Ал эми кадимки май куючу жайларда дизелдин баасы 78-80 сомду түзөт. Бул тууралуу Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды.
Белгилүү болгондой, Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелет.
Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча нефтебазаларда жана май куючу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө бар.
Жыйында быйыл күйүүчү жана майлоочу майлар менен камсыздоодо көйгөйлөр жаралбайт деген божомол бар экендиги айтылды.



