Бүгүн, 10-декабрда өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −1 … −6, күндүз −4 … −9;
Талас жергесинде түнкүсүн −4 … −6, күндүз −4 … −6;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −3 … −5, күндүз 0 … +2;
Ысык-Көлдө түнкүсүн −4 … −6, күндүз −4 … −6;
Нарын аймагында түнкүсүн −11 … −12, күндүз −4 … −6;
Бишкек шаарында түнкүсүн −5 … −7, күндүз −3 … −5.



