7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жазында коронавирустан каза болгон миңге жакын бейтаптын сөөгү жерге бериле элек

208

АКШнын Нью-Йорк штатында коронавирус эпидемиясынан жаз айларында каза болгон бейтаптардын сөөгү жерге бериле элек. Бул тууралуу АКШнын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышууда. 

Маалыматка ылайык, АКШнын Бруклин аймагында муздаткычы бар унааларда 650 маркумдун сөөгү көмүлбөй турат.

«Жазында коронаирус илдетинен көз жумгандардын саны арбып, бийлик муздаткычы бар жүк ташуучу унааларды да «көчмө морг» катары пайдаланууга аргасыз болгон. 

«Сөөктүн көпчүлүгүнүн жакындары табыла элек, айрым маркумдардын туугандарынын жерге берүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Айталы, 230 маркумдун жакындары менен байланышып, сөөктү алып кетүүсүнө уруксат берүүгө мүмкүн эмес», — деп берилет маалыматта. 

Такталгандай, Техас штатында коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 2 миллиондон ашып, андан көз жумгандардын саны күн сайын өсүп жаткандыгына байланыштуу моргдор толуп, ноябрь айынан тарта «көчмө морг» уюштурула баштады. 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

209