7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жеңиш Молдокматов: Бийлик жана коомдун ортосунда ар дайым диалог болгону дурус

416

Бүгүнкү жолугушуу – саясий маданияттын жанданышы болду. Мындай пикирин коомдук активист Жеңишбек Молдокматов УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен жолугушуудан кийин соцтармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, бүгүнкү жолугушуу саясий маданияттын жанданышынан кабар берет.

«Биз Кемпир-Абад иши менен айыпталып, акыры акталып чыккандар УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин чакыруусу менен кабыл алуусунда болдук. Кемпир-Абад маселеси боюнча маалымат берилди. Бүгүнкү жолугушуу – саясий маданияттын жанданышы болду. Ачуу да, жактуу да сөздөр айтылып, жалпысынан пикир алмашуу позитивдүү нукта өттү. Саясий иште саясий диалогдун орун алганы – саясий маданияттын көрсөткүчү. Бийлик жана коомдун ортосунда ар дайым диалог болгону дурус. Саясий диалогго мүмкүнчүлүк түзгөн Камчыбек Кыдыршаевичке ыраазычылык билдирем!»- деп жазды ал.

Белгилей кетсек, бүгүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад боюнча каршылыгын билдирип жүргөн активисттер жана саясатчылар менен жолугушкан.

 

417