7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖЭБ-2 аймагынын тургундары өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты

744

 

Бишкек шаарынын түштүк-чыгыш тарабындагы ЖЭБ-2 аймагынын тургундары өкмөт үйүнүн жанында митингге чыгышты. Анда премьер-министр Улукбек Мариповдун аймактагы 400 үйдү көчүрүү боюнча билдирүүсүнө нааразы болгон эл алар жашаган жер тилкелерин мыйзамдаштырууну талап кылышууда.

Митингдин катышуучуларынын бири Улукбек Салманов вице-премьер-министр Равшан Сабиров келип, жериңерди мыйзамдаштырып беребиз деген, бирок эч нерсе кылбай иштен кетип калганын айтты.

«Буга чейин вице-премьер-министр ЖЭБ-2 аймагынын 40 гектарына 400 үй курулганын, эгерде жылуулук электр борбору ишке кирсе, анда тургундарды башка жакка көчүрүү керектигин айткан. Ошондуктан биздин жерлерди мыйзамдаштырып бергиле деп митингге чыгып жатабыз. Азыр 300дөй киши чогулду. Эл президенттин өзү менен жолугууга аракет кылып жатат», — деди ал.

ЖЭБ-2 Бишкек шаарынын түштүк-батыш тарабында, Сокулук районунда жайгашкан. Анын курулушу 1986-жылы башталып, кийинчерээк токтоп калган. 2019-жылы өкмөт бул ЖЭБди калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн изилдеп жаткандыгын жарыялаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

745