Бүгүн, 25-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында төраганын орун басары Аида Касымалиева жергиликтүү таланттарды колдоого чакырды.
Аида Касымалиева А.Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында жакында эле жаралган жаңжалга токтолуп, аталган ишти иликтөө боюнча атайын комиссия түзүү керектигине токтолду.
Эскерте кетсек, 6-мартка россиялык артисттердин катышуусундагы «Ак куулар көлү» балети өтпөй калган. Балетке кыргыз артисттери чыгуудан баш тартышкан. Алар коммерциялык спектаклдерге бекер катышарын айтышып, акча төлөп берүүнү талап кылышкан.
Андыктан, Аида Касымалиева жергиликтүү таланттарыбызга кайдыгер мамиле жасоону токтотуу керектигин белгилеп: «Бизден билим алган өнөрпоздорубузду башка өлкөлөр алып кетип жатышат. Бизде аларга татыктуу колдоо жоктугу буга себеп болууда. Андыктан, таланттарыбызды колдошубуз керек», — деп кошумчалады.