Бүгүн, 25-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү.
Алсак, депутат Бакыт Төрөбаев мамлекеттин түздөн-түз милдети улуттук кызыкчылыкты коргоо, калктын саламаттыгына кам көрүү экенине токтолуп: «Жылына 1 жарым миң бала жүрөк кемтиги менен төрөлүп, 350 бала чарчап калат. Балдарыбыздын ден-соолугу ушундай коркунучта болсо, экономикабыз кантип каралат, кантип өлкөбүз өнүгөт. Алсак, Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун даяр имараты турат. Бирок, 30-40 млн сомдой каражаттын жоктугунан борбордогу жүрөк оорулууларды дарылоочу бөлүм иштебей турат. Андыктан Өкмөт аталган маселени ыкчамдатып чечүүсү шарт» — деген оюн ортого салды.