Жапаров Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматынын төрагасын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-мартта президент Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы Канатбек Тургунбековду кабыл алды.
Мамлекет башчысы Мамлекеттик чалгындоо кызматы тарабынан, өзгөчө Мамлекеттик салык кызматы, Мамлекеттик каттоо кызматы, Мамлекеттик кадр кызматы жана башка ыйгарым укуктуу органдар менен мекемелер аралык өз ара координацияны күчөтүүнүн маанисин белгиледи.
Президент бул чаралар «Мамлекеттик кызматкерлер» жана «Юридикалык жактардын бенефициардык ээлеринин» электрондук маалымат базасын жана финансылык мониторинг механизмдерин БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясынын жоболоруна жана Кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы күрөшүүнүн финансылык чараларын иштеп чыгуу тобунун сунуштарына ылайык тез арада түзүп чыгуу керектигин баса белгиледи.
Садыр Жапаров кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана терроризмди каржылоо тобокелчиликтерин азайтуу, ошондой эле мыйзамсыз же кылмыш жолу менен өлкөдөн чыгарылып кеткен активдерди издөө жана кайтарып алуу боюнча натыйжалуу чараларды тез арада көрүү зарылдыгына токтолду.
Ошондой эле ал акыйкат башкаруунун механизмдерин киргизүү, каржылык ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, өлкөнүн рейтингин жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу үчүн Мамлекеттик чалгындоо кызматы менен бизнес коомчулугунун ортосунда өз ара тыгыз кызматташууну түзүүнүн маанисин кошумчалады.
Президент Садыр Жапаров эң башта коррупциянын жана көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган, террористтик ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы күрөшүүнүн улуттук системасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.