7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖЭБде жабыркагандар Аданадагы көп тармактуу ооруканага жаткырылды

445

Бишкек ЖЭБинде орун алган авариядан жабыркаган эки жаран, ошондой эле тик учактын кулашынан жабыркаган эки аскер кызматкери Түркиянын Адана шаарындагы көп тармактуу ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык,бейтаптарды Кыргызстандын Анталиядагы башкы консулу Рустам Кошонов жана Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин башкы комбустиологу профессор, доктор Корай Даш тосуп алды. Бейтаптар дароо кошумча диагностикалык жана лабораториялык изилдөөлөрдөн өткөрүлүп, андан аркы дарылоо үчүн ооруканага жаткырылды.

Бейтаптарды коштоп жүргөн реаниматолог Жеңишбек Келдибеков төрт бейтап тең учуу маалында кыйналбаганын, абалы туруктуу экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча бардык чаралар Кыргызстандын президентинин жеке көзөмөлүндө,жабыркагандарды Түркияга жеткирүү жана андан ары дарылоо үчүн каржылык каражаттар бөлүнгөн.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан.

 

446