7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖЭБди калыбына келтирүү. Учурда 610 адам иш алып барууда

455

Бишкек Жылуулук электр борборундагы штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюуга дагы күч тартылып учурда жалпы 610 адам, 18 техника иш алып барууда.

Анын ичинен ӨКМден 27 куткаруучусу жана 5 техника, ИИМден 8 кызматкер 1 техника, Бишкек ЖЭБден 483 кызматкер 6 техника, Бишкек электр тармактар ишканасынан 10 кызматкер, 3 техника, курулуш компаниялардан 82 кызматкер, 3 техника тартылган.

ЖЭБдин имаратынын айланасын курулуш материалынын калдыктарынан тазалоо иши дээрлик аяктоо алдында турат. Учурда жалпы тартылган жумушчу топтун күчү ЖЭБдин чатырын жабууга жумшалууда.

Кызматкерлерге жумушту баштоо алдында коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча нускамалар жеткирилип, ысык тамак менен камсыз болууда. Ошондой эле жеринде жылынуу пункту катары 4 чатыр тигилген.

 

456