7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жээнбек Кулубаев Польшанын Тышкы иштер министри менен жолугушуп, чек арадагы кырдаал тууралуу маалымат берди

473

Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясына катышуунун алкагында КРнын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ЕККУнун учурдагы төрагасы, Польша Республикасынын Тышкы иштер министри Збигнев Рау менен жолугушту.

Тараптар эки тараптуу негизде, быйыл Польша төрагалык кылган ЕККУнун алкагында да өз ара аракеттенүү маселелерине токтолушту.

Министр Жээнбек Кулубаев белгилегендей, Кыргызстан ЕККУну ЕККУ мейкиндигинде коопсуздук жана кызматташтык маселелери боюнча катышуучу-мамлекеттердин тең укуктуу жана өз ара сыйлуу диалогу үчүн маанилүү көп тараптуу платформа катары карайт.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат берип, Кыргыз Республикасынын деэскалацияга умтулуусун жана мамлекеттер ортосундагы талаш-тартыштарды саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүү зарылчылыгы боюнча өзгөрүлбөс позициясын баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө боюнча пикир алмашуу жана түрдүү деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруунун графиги талкууланды

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

474