7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жээнбек Кулубаев Түркиядагы аза күтүү күнүнө байланыштуу көңүл айтуу китебине жазуу калтырды

535

2023-жылдын 7-февралында КРнын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине барып, жер титирөөдөгү көп сандаган курмандыктардан улам Түркияда жарыяланган аза күтүү күнүнө байланыштуу көңүл айтуу китебине жазуу калтырды.

«2023-жылдын 6-февралында Түркиянын бир топ провинцияларында сезилген катуу жер титирөөнүн натыйжасында көптөгөн жарандардын каза болгондугу тууралуу кабарды абдан терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең көңүл айтам, жабыр тарткандарга тез арада сакайып кетишин каалайм. Кыргыз эли боордош Түрк элинин жанында болуп, бул кырсыктын кесепетинин тез арада жоюулушуна тилектешмин», – деп айтылат Жээнбек Кулубаев калтырган эскерүүдө.

Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Ахмет Садык Доган Жээнбек Кулубаевге көңүл бургандыгы жана Элчиликке көңүл айтуу үчүн келгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

536