7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жеке медициналык мекемелер томографиянын баасын төмөндөттү

458

Жеке адистештирилген медициналык мекемелерде томографиялык текшерүүлөрдүн баасы төмөндөтүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

УКМК тарабынан карапайым калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кароо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн эске алуу менен, баа саясатын жөнгө салуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, медициналык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда баа түзүү маселелери боюнча ири жеке медициналык мекемелердин катышуусунда жыйын өткөрүлдү.

Калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапаты жана алардын баа саясаты талкууланып, жыйынтыгында томографиялык изилдөөлөрдүн бардык позицияларына бааларды 20%га чейин төмөндөтүү боюнча бир катар ири компаниялар менен макулдашууга жетишилди. Алар:

  • «Юнит-Реактив Фарма»,
  • «Медипол»,
  • «Томэкс»,
  • «Шаншуй Силк Роуд Кейджи»,
  • «Альфа МЕД-ЛТД»,
  • «Берди»,
  • «Медипарк»,
  • «Гульмед»,
  • «Систем Озел Тыбби Йатырымлар ве Тиджарет»,
  • «Юрфа»,
  • «Авиценна»,
  • «Меди»,
  • «Веданта».

Ал эми «Кортекс Неврологиялык борбору» 30% чейин төмөндөтүүгө макулдашты.

УКМК лабораториялардын жана медициналык мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасын жөнгө салууга, ошондой эле жеке медициналык мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга көмөк көрсөткөн мамлекеттик медициналык мекемелердин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү күчөтүүгө багытталган иш-чараларды улантууда.

 

459