7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Женго» эки айга камакка калтырылды

434

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен «Женго» кайманаты аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досонов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Бул тууралуу райондук соттун маалымат кызматы билдирди.

«Соттун чечими менен Кадыр Досонов 2021-жылдын 8-апрелине чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, УКМК уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо жана алардын мыйзамсыз иштерине бөгөт коюу боюнча аракеттерин улантуунун негизинде К.Досоновдун (каймана аты «Женго») бирөөнүн менчигине байланыштуу оор кылмышка катыштыгы бар экени аныкталган.

2020-жылдын 28-октябрында Ош шаардык соту тарабынан Досоновду камакка алуу боюнча сыртынан өкүм чыгарылып, издөө жарыяланган. Кечээ, 11-февралда Кадыр Досонов кармалган.

Кримтөбөл «Женго» Ошто милиция Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө шектелип, 2017-жылы кармалган. Бирок былтыр эркиндикке чыккан болчу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

435