7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Женго» каймана аты менен таанылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

635

Опузалап акча каражатын талап кылган уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган кылмышты жасагандыгы боюнча мурда Э.А.А. жана Ж.С.Т. кармалган, бирок Г.У.Н. жана Н.А.А. кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу максатында Бишкек жана Ош шаарларында жашырынып жүрүшкөн.

Эки шектүү мурда «каракчылык» жана «каракчылык» беренелери боюнча бир нече жолу соттолушуп, Жазасынын өтө элек мөөнөтүнө Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №43-колониясында каттоодо турушкан.

Кармалган Н.А.А., колонияга каттоого туруктуу келбегендигине байланыштуу, Ички иштер министрлиги тарабынан издөөдө жүргөн.

УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ош облусунун тургунунан 14 миң 500 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылып, тергөө органдарынан жашырынып жүргөн «Женго» кайманаты аталган К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды.

Алар УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кармалгандардын мындан башка кылмыштарга тийешеси бар экендиги текшерилүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

636