Издөөдө жүргөн Кадамжай районунун 33 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, шектүү К.М. жарандарга өзүн таасирдүү адам катары көрсөтүп, түрдүү жардамдарды сунуштап, алардан ири суммадагы акчаларды алдап, изин жашырып жүргөн. Ал Ош шаарынын 58 жаштагы тургунуна «Ош шаарына жакын, Фуркат айылынан үй салууга 6 сотых жер тилкесин алып берем» деп алдап, 32миӊ сом акчасын алып, изин жашырып кеткен.
Ушундай жол менен эле дагы бир жаранга Ош шаарына жакын Ишкаван айылынан 6 сотых жер убадалап 40 миӊ сом алып изин жашырган. Ал эми үчүнчү жаранга Ош шаарынын Шеит-Дөбө аймагында курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 2 бөлмөлүү батир алып берүүнү убадалап, 1000 доллар жана 80 миӊ сом акча алып качып кеткен.
Учурда өткөн жылы айрым мектеп бүтүрүүчүлөрүн дагы алдап, акчаларын алып, жогорку окуу жайына өткөрүүгө жардам көрсөтөөрүн айтып, изин жашырып кеткендиги аныкталууда. Бүгүнкү күндө анын үстүнөн 13 арыз түшкөн. Анын үстүнөн алдамчылык (209-берене) боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
Ушундай аракеттери менен 2 жолу соттолгон шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.