7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жер талаштан чыккан жаңжал. Алты адам жабыркап, ооруканага түштү

740

Нарында жер талаштан чыккан жаңжалдан улам ок атылып, алты адам жабыркады. Маалыматты облустук ички иштер башкармалыгы тастыктады.

Окуя 7-июлда кечки саат 11.00 чамасында болгону кабарланат. Ошол замат Нарын районунун Хутор-Ак-Талаа айылынын жашоочусунун үйүн бирөөлөр аткылап жатышканы тууралуу милицияга маалымат түшкөн.

“Айылдын К.Б. аттуу тургуну ошол эле айылдын 30-40ка чукул тургуну чогулу, анын үйүнүн терезелерин жана эшиктерин таш менен талкалап, дарбазасынын сыртында турган “Субару-Аутбек” машинасын өрттөп жатышкан учурда үйүндө сакталып турган ок атуучу куралы менен топтошкон элди карай ок чыгарган»,-деп билдирет милиция кызматы.

Натыйжада алты адам денесинен ар кандай жараат алып, ооруканага жеткирилген. Жараат алгандардын үчөөнүн абалы оор болгондуктан аларга операция жасалганы маалымдалды.
Милиция жер талаштан улам эки тарап буга чейин бирин бири айыптап, арыз жазып жүргөнүн билдирди. Учурда окуя боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза дагы дайындалды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

741