Кечээ, 20-июль Бишкек -Ош автоунаа жолунун 406-чакырылышда жер-жемиш жүктөп бара жаткан “DAF” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа кырсыкка кабылды. Бул тууралуу ӨКМдин ыкчам тобунан билдиришти.
Кырсык,Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында катталган.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 406-чакырымында жашылча-жемиш жүктөп бара жаткан “DAF” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа жолдон чыгып кетип, сайга түшүп кеткен. Унаанын 27 жаштагы айдоочусунун абалы жакшы.