Баткен облусунун Кадамжай районунун жергиликтүү кеңешинин депутаты «О.М.Б.», баңги заттарды сатуу үчүн Тажикстан Республикасынан Өзбекстан Республикасынын аймагына Кыргызстан Республикасыны аркылуу өткөрүү үчүн туруктуу канал түзүп алгандыгы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-июнунда Баткен областынын Кадамжай шаарында жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө, Өзбекстан Республикасынын аймагына өткөрүү максатында баңги заттардын башка партиясын сатууга аракет кылып жаткан жеринен «О.М.Б.» кармалган.
Жашаган жерине тинтүү жүргөн учурда 9 кг ашык чийки апийим, 4 кг гашиш, 37,5 кг марихуана, 1 курал (уруксаты жок), 232 миң АКШ доллары, 42 миллион 299 миң 500 өзбек суму жана 106 мнң сом акча каражаттары табылган.
Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизиндеги сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси боюнча КР жарандары «О.М.Б.», «О.К.М.» жана «О.К.А.» кармалып Баткен шаарынын ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда Тажикстандын жарандарынын ичинен аталган баңги каналынын уюштуруучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын комплекси жүрүп жатат.