7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сүлүктүдө шахта урап, 20 жаштагы жигит көз жумду

567

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында «Ас-Сүлүктү» ишканасынын шахтасы урап, бир адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 8-июнь күнү саат 18:00дөр чамасында болгон. Каза болгон жигит 20 жашта экени айтылды.

«Мындан сырткары, 36 жаштагы киши жабыркаган. Анын абалы орто деп бааланып жатат. Куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп, шахтадан каза болгон жигиттин сөөгүн жана жабыркаган кишини чыгарып, тиешелүү кызматтарга өткөрүп беришкен», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кырсык болгон жерге ӨКМдин 11 куткаруучусу, Лейлек райондук башкармалыгынын ыкчам тобу, ИИМдин беш кызматкери, Тез жардамдын бир бригадасы жана 20 жергиликтүү тургун барган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

568