Өткөн суткада коронавирус 459 кишиден табылып, 331 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.
Жуктургандар:
- Бишкек шаары – 183;
- Ош шаары – 73;
- Чүй облусу – 70;
- Ош облусу – 70;
- Талас облусу – 6;
- Нарын облусу – 1;
- Ысык-Көл облусу – 19;
- Жалал-Абад облусу – 34;
- Баткен облусу – 3;
Кыргызстанда илдет илештиргендердин жалпы саны 108 173кө жетти. Анын ичинен 101 364 адам дартты жеңген.
Айыккандар:
- Бишкек шаары – 178;
- Ош шаары – 20;
- Чүй облусу – 84;
- Ош облусу – 9;
- Нарын облусу – 10;
- Ысык-Көл облусу – 25;
- Жалал-Абад облусу – 3;
- Баткен облусу – 2.
Кечээтен бери коронавирустан беш адам көз жумган. Алардын ичинен бири Бишкек шаарынан, экиден киши Чүй жана Ош облустарынан экени белгилүү болду. Буларды кошкондо вирустан 1 864 киши каза тапты.
Эскерте кетсек, акыркы сутка ичинде 5 952 ПЦР-анализ жүргүзүлгөн.