7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жергиликтүү соттордун судьялары жана бир катар кызматкерлер сыйланды

1012

Бүгүн, Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова жаңы жыл алдында ишинде айырмаланган жергиликтүү соттордун судьялары менен бир катар аппарат кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Сот адилеттигин жүзөгө ашырууда, соттордун ишмердүүлүгүн камсыздоодо жетишкендиктери үчүн Жогорку сотунун ардак грамотасы менен Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Айдыралиева Айсейил жана Талас облустук сотунун төрагасы Боромбаев Мирлан сыйланды.

Кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн КРнын Жогорку сотунун ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды:

  • Сагымбаева Нурпериза Алымбековна — Жогорку сотунун аппаратынын жетектөөчү адиси;
  • Шакиров Атабек Мухтаридинович — Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунун судьясынын жардамчысы;
  • Арзыбаева Нурила Анарбековна — Талас облусунун Талас райондук сотунун бөлүм башчысы;
  • Музукеева Элнура Каныбековна — Чүй облустук административдик сотунун улук катчысы;
  • Киселева Светлана Ивановна — Чүй облусунун Панфилов райондук сотунун бөлүм башчысы;
  • Джанболотов Алмаз Арыстанбекович — Ысык-Көл облустук административдик сотунун бөлүм башчысы;
  • Болотбаев Марат Абдусаматович — Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Бишкек шаарынын Ленин райондук бөлүмүнүн сот аткаруучулар кызматынын улук сот аткаруучусу;
  • Мусурманкулов Бекмухаммет Лутуббилаханович — Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Бишкек шаардык экономикалык иштер боюнча бөлүмүнүн сот аткаруучулар кызматынын улук сот аткаруучусу.

Бакирова сыйлык ээлерин дагы бир жолу куттуктап, жаңы жыл алдында ден соолук жана үй-бүлөлөрүнө бакубатчылык, иштеринде ийгиликтерди каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1013