7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялары дайындалды

540

КРнын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши (Кеңеш) тарабынан президент Садыр Жапаровдун дарегине КРнын Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Чүй жана Ош облустарынын, ошондой эле Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн жалпы 6 талапкер боюнча сунуштар киргизилген.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Мамлекет башчысы судьялык кызматка 4 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду. Ал эми 2 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, бул талапкерлер боюнча материалдарды Кеңешке кайтарды. Президент тарабынан төрт судьяны дайындоо жөнүндө жарлыктары чыгарылып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди: – Ош облусу: Өзгөн райондук соту Култаева Нурила Дукенбаевна; Кара-Кулжа райондук соту Карабекова Элмира Чондошовна; Ош шаардык соту Кумашев Жолдошбек Ильясович; – Бишкек шаары Бишкек шаардык соту Молоев Дамир Жоомартович. Бул жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

541