Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Алымкадыр Бейшеналиевди Саламаттык сактоо министри, Нурия Кутнаеваны Санариптик өнүктүрүү министри, ал эми Гүлнара Баатырованы Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралып, алардын талапкерлиги жактырылды.
Президенттин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов талапкерлер боюнча маалымат берди. Эл өкүлдөрү талапкерлерге бир катар суроолорду берип, сунуш айтышты.
Эскерте кетсек, кадрдык өзгөрүүлөр 7-сентябрда болгон.