Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун кечирим суроосу айрым депутаттардын ачуусун келтирди.
Бир канча талкуудан соң, Нурланбек Шакиев президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда ал Эдил Байсалов кечирим сурай турганын жана бул акыркы эскертүү болорун айтканын депутаттарга жеткирди.
«Урматтуу депутаттар муну талкууга айлантпай эле коёлу. Эдил Байсалов расмий түрдө эл өкүлдөрүнүн алдында кечирим сурады, жетиштүү болотго… Кечиримдүү жана сабырдуу бололу», — деди төрага.