Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду айткан сөзү үчүн жооп бериш керектигин айтты.
«Тарыхта парламентти өкмөттүн мүчөсү мынчалык жектеп, маскаралап, мазактаган эмес. Башка бирөө парламентке карата терс пикирлерин айтса, сиз аны чакырып ирээтке келтире турган адамсыз. Өкүнүчтүүсү бул бир канча жолу болду. Байсалов Кыргызстан боюнча алмашкыс кадрбы? Саясатта жаралган бир гана адамбы! Кечирип кой десе эле кечирип коюш керекпи», — деди ал.