7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жети-Өгүздө “Ак илбирсти коргоо – 2026” фестивалы болуп өттү

5

Президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Чоң-Кызыл-Суу айылында 31-январда өткөн “Ак илбирсти коргоо – 2026” фестивалына катышты. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара ак илбирсти коргоо, райондун жаратылыш-маданий мурастарын жайылтуу, туристтерди тартуу жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү максатында адамдарды бириктирүү үчүн маанилүү аянтча болуп калды.

Фестивалдын жүрүшүндө Жети-Өгүз районунун келечектүү туристтик багыттарынын бирине айланган көрүнүктүү жерлердин бири болгон нефрит ташынын жанында жайгашкан кароо аянтчасынын жана көпүрөнүн расмий ачылышы болуп өттү.

Фестивалдын ачылышында сөз сүйлөгөн Динара Кемелова Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен Кыргызстандын улуттук символуна айланган ак илбирс өлкөнүн жаратылыш байлыгын чагылдырарын жана тоо экосистемасынын саламаттыгынын маанилүү көрсөткүчү болуп саналарын белгиледи.

Ал Ак илбирсти сактоо боюнча иш экосистемаларды коргоону, тоо жериндеги калктын жашоо-шарттарын жакшыртууну жана жоопкерчиликтүү экотуризмди өнүктүрүүнү камтыган Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгынын (2023–2027-жылдар) алкагында системалуу негизде жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.

 

6