7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жети күн», Бахтияр Фаттахов: Ыйык Кыргызстанды сактап, өлкөнү өнүктүрүү – баарыбыздын милдетибиз

173

2024-жылдын 10-ноябрынан 16-ноябрга чейинки окуялар тууралуу Кыргызстан-Өзбекстан достук коомунун президенти Бахтияр Фаттахов менен маек.

Барак айылынын эли кыйналып кетти эле, эми алар Жаңы-Барак деген жаңы салынган айылга көчүрүлүп келди, Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери акылдашып, маселени жакшы чечти. Жаңы-Барак – замандын эң жогорку талаптарына жооп берген айыл болду, баардык тургундар бийликтин мындай аракетине ыраазы. Саясат менен дипломатиядагы «түбөлүк достук» деген түшүнүк дагы биринчи жолу Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда пайда болгон…

Эртең, 17-ноябрда, өтө турган жергиликтүү кеңештерге боло турган шайлоо баарыбыз үчүн өтө маанилүү, анткени жергиликтүү кеңештер – эл менен бийлик ортосундагы карапайым калкка эң жакын болгон тепкич. Шайланган депутаттар чыныгы эл өкүлдөрү болсун, элдин мүдөөсүн аткарып, элдин кызыкчылыгын коргоп, калктын батасын ала турган, билим деңгээли замандын талаптарына жооп бере турган адамдар болсун. Элдин кызматында болуу – эң сооптуу нерсе.

Жакында эле Бишкекте өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин бийик жолугушуусунда кыргыз жана азери президенттери – эми Бакы шаарында СОР-29 жыйынында жолугабыз деп сүйлөшкөн. Экология азыр дүйнөнүн баардык мамлекеттеринин көңүлүн өйүткөн маселе жана баардык жетекчилер ыйык Кыргызстандын табиятын сактап, келээрки муундарга жакшынакай өлкө калтырыш керекпиз. Ушундай ыйык жерде төрөлгөнүбүзгө дагы кудайга шүгүр кылышыбыз керек.

Дин тутуу эркиндиги жана дин уюмдары жөнүндөгү мыйзам туура өзгөртүлүп жатат, Муфтият – Диний башкармалык – жетектөөчү орган болууга тийиш, дин жана дин кызматкерлеринин элди тарбиялоо ишинде мааниси өтө зор. Ислам дини – абдан прогрессивдүү дин, бирок бийлик дагы, Муфтият да жаштардын опурталдуу багытка кирип кетпесин көзөмөлдөш керек. Алардын эң биринчи милдети – өз ата-энесин ыраазы кылуу, андан кийин башка да милдеттерди аткарса болот…

Жуманын негизги окуялары:

– Эртең, 17-ноябрда, жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүлөт, 231 айыл жана 33 шаар кеңешинин, алардын ичинде Бишкек менен Ош шаардык кеңештеринин депутаттары жаңыланат.

– Социал-демократтар партиясынын штабында 13-ноябрда тинтүү жүргүзүлүп, Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина жана Роза Турксевер камакка алынды, партия болсо Бишкек шаардык кеңешине боло турган шайлоодон четтетилди.

– 15-ноябрда президент Садыр Жапаров Оштогу Жаңы-Барак айылынын ачылышына жана андан тышкары өлкөнүн ар башка аймагындагы 15ке жакын ар башка мектеп, оорукана, бала-бакча, спорткомплекстин ачылышына онлайн түрүндө катышты.

– Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров 14-ноябрда Жогорку кеңеште – 2024-жылдагы дүң өндүрүмдүн өсүшү 9 пайыздан ашат деп билдирди.

– 13-ноябрда 11 маалымат каражатынын жетекчилери Жогорку кеңештин спикери Нурлан Шакиевге кайрылып, жалаа жабуу тууралуу даярдалып жаткан мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу уюштурууну суранды.

– Кыргыз режиссёру Нурлан Абдыкадыровдун «Асман балдары» деген тасмасы Мексикада өткөн XVII эл аралык кинофестивалда 3 байгеге ээ болду.

 

– Садыр Жапаров 12-ноябрда Бакы шаарында өткөн Бириккен улуттардын климаттын өзгөрүүсү боюнча 29-конференциясына катышып, сөз сүйлөдү. Кыргызстан азыр баардык жыйындарда жашыл экономиканы колдоодо.

– Бакы саммити учурунда Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова журналисттер менен жолугуп, тоолуу өлкөлөр жаштарынын фестивалын өткөрүү демилгесин көтөрдү.

– Анын алдында, 11-ноябрда, Садыр Жапаров Сауд Арабияда Ислам кызматташуу уюмунун саммитинде чыгып сүйлөп, Палестинанын карапайым калкын сактоо максатында гуманитардык коридор уюштуруу демилгеси менен чыкты.

– Сауд Арабияга барганда президент Садыр Жапаров Саудиянын өнүктүрүү фондунун директору Султан Абдурахман аль-Маршад менен жолугуп, Кыргызстандагы ипотека программасын каржылоону көбөйтүүнү суранды.

– Акылбек Жапаров 14-ноябрда – Асман шаарын курууга 480 млн доллар чогулганын билдирди, анын айтымында, шаарды куруу эмдиги жылы башталат

– 11-ноябрда Райым Матраимов соттун чечими менен тил кат негизинде үй камагына чыгарылды. Ал үстүбүздөгү жылдын март айында камакка алынган.

 

– Дин эркиндиги тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу жаңы мыйзам долбоору боюнча кыргыз коомунда кызуу талкуу уланууда.

– Евразиялык комиссиянын билдиргенине караганда, үстүбүздөгү жылдын 9 айында Кыргызстандагы өндүрүш 4,2 пайызга өскөн.

– Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров 14-ноябрда Жогорку кеңеште сүйлөп жатып, президент Жапаров ага – врачтардын айлыгын Жогорку кеңештин депуттарынын айлыгына чейин көтөрүү тапшырмасын бергени тууралуу билдирди.

– 11-ноябрда Казакстандын Чимкент шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн IX эл аралык театр фестивалы аяктады жана анда кыргыз режиссёру Шамил Дыйканбаев эң мыкты режиссёр деп табылды.

– 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоо ирээтинде 14-ноябрда Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Бириккен араб эмираттарынын курамасы менен алардын талаасында ойноп, 0:3 эсебинде утулду.

– 12-ноябрда Бишкектеги Фрунзе музейинде белгилүү кинорежиссёр Динара Асанованын чыгармачылыгына арналган көргөзмө ачылды.

 

– Баасы 6 млрд долларга жеткен Токмоктогу «Железобетон» заводу мамлекетке кайтарылганы белгилүү болду.

– 13-ноябрда президент Садыр Жапаров бокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Биволго Роллс-Ройс машинесин белек кылып тартуулады. Бивол Токмокто төрөлүп-өскөн.

– 12-ноябрда сот чечими менен баш прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу камакка алынды, ал – кылмыштуу топ менен байланышта болгон деп күнөөлөнүүдө.

– УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 14-ноябрда – Райым Матраимовдун үй камагына чыгарылганын түшүндүрүү максатында – ал мамлекеттик бюджетке 200 млн доллар төлөгөнүн билдирди.
https://youtu.be/JlOjvPJ6Cv4

174