2024-жылдын 12-январынан 18ине чейинки окуялар тууралуу Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков менен маек.
– Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жаңы мыйзам күчүнө кирди, аны менен байланышкан айрым өзгөртүүлөр Салык кодексине дагы кошулду. Мындай мыйзам керек болчу жана ал азыркы жалпы экономикалык реформалардын багытына төп келет. Мурда коррупция адамды төрөлгөнүнөн тартып, өлгөнүнө чейин коштоп калган жана, баары чогулуп келгенде, мамлекеттин жалпы коопсуздугуна коркунуч түзүлө баштаган. Мисалга, өлкөгө сырттан коррупциялык жол менен келген товарлар өлкө ичиндеги атаандаштыкка балта чаап, экономикалык өнүгүүгө жолтоо болуп келген.
– Бир кезде киргизилген патенттик система өз убагында керек болгон жана экономикага кезегинде оң таасир тийгизген, анткени советтик тартиптен базар шартына өтүп жаткан учурда ишкерликке бурулгандарды – өзүн өзү багып кете ала тургандай ыкмага көндүрүш керек болчу. Бирок заманбап экономикада ар ким салыкты толук өлчөмдө төлөш керек деген талап күчүнө кирди, айрым чоң ишкерлер болсо патентке жамынып алып, салыктан качып жүргөнү аныкталды. Мамлекет алгач – бир жылдык акча жүгүртүүсү 8 млн сомго жетпегендерди салыктан бошоткон, кийин ал талапты жумшартып, босогону 15 млн сом кылды. Ишкерлер азыр баарын түшүнүп, алар төлөгөн салыкка пенсиялар көтөрүлүп, жолдор салынып, ооруканалар ачылып жатканын көргөндө, бийлик менен коом ортосунда ишеним пайда болду.
– Салыктарды толук чогултуу үчүн көзөмөл-кассалык машиналар (ККМ), электрондук эсеп-фактуралар жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар (ЭТТН) киргизилген. Анткен менен кичи жана орто ишкерлер арасында нааразылыктар пайда болду, анткени баардык 3 көзөмөл ыкмасы бир убакта киргизилгенде, айрым кыйынчылыктар пайда болду, ошондуктан ЭТТН менен электрондук эсеп-фактуралар чоң компаниялар менен ишкерлер үчүн калып атат, ал эми кичи жана орто бизнес менен Дордой жана Кара-Суудагы Турат-Али эл базары үчүн жоюлат. Бирок алкоголь, тамеки, күйүүчү май, дары-дармек жана медициналык буюмдар үчүн ЭТТН толугу менен калат…
Жуманын негизги окуялары:
– УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 16-январда билим берүү тармагынын кызматкерлери менен жолугуп, 2020-жылдан бери 4 ректор, 6 декан жана колледжердин 10 директору кылмыш жоопкерчилигине тартылганын билдирди.
– Ошол эле жыйында УКМК төрагасы коррупциянын деңгээли азыр өлкөдө 30-40 пайыздын деңгээлинде экени жана мурдагы бийлик учурунда 70-80% болгонун билдирди.
– 21-январдан тартып Коррупция тууралуу жаңыланган мыйзам күчүнө кирет, ага ылайык, коррупция беренеси боюнча соттолгон адам сөзсүз эркинен ажыратылууга тийиш жана өмүрүнүн аягына чейин мамлекеттик кызматта иштей албайт. Анын туугандарынын укуктары дагы чектелет.
– Министрлер кабинетинин төрагасы Адыл Касымалиев 13-14-январда Гонконг шаарында Азиялык каржы форумуна катышып, анда сөз сүйлөдү.
– Статкомдун маалыматына караганда, Кыргызстанда 2024-жылы өндүрүлгөн автоунаалардын жалпы баасы 2 млрд 400 млн сомго жетти.
– Билим берүү министринин орун басары Лира Самыкбаеванын айтымында, 20-январдан тартып мектеп мугалимдерине – Раззаков атындагы техникалык университетте чогултулган ноутбуктар бериле баштайт.
– Салык кызматы 2024-жылы 228 млрд сом салык жана 74 млрд сом камсыздандыруу төлөмдөрү чогултуптур, 2023-жыл менен салыштырганда, бул 52 млрд сомго көп.
– Ошол эле учурда декабрда Салык кызматынын башчысы Алтынбек Абдувапов, анын орун басары Исламбек Кыдыргычев кармалды, кечээ күнү аларды камакта кармоо мөөнөтү 20-мартка чейин узартылды. Анын алдында Бишкектин Ленин, Свердлов жана Октябрь райондорунун салык кызматтарынын жетекчилери дагы кармалган.
– Президенттик администрациянын билдиргенине караганда, 2024-жылдын бюджети 37 млрд сомдук профицит менен аткарылды.
– Статкомдун маалыматы боюнча, 2024-жылдын 11 айында Кыргызстан – баасы 1 млрд 260 млн долларга жеткен 16 тонна алтын экспорттоптур.
– УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 16-январда билим берүү тармагынын кызматкерлери менен жолукканда, кримтөбөл Камчы Көлбаев мамлекеттин кызыкчылыгында өлтүрүлгөнүн билдирди. Ташиевдин айтымында, азыр Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулук жок.
– Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 17-январда Будапешт шаарында Мажарстандын жетекчилери жана Бириккен улуттар уюмунун өкүлдөрү менен жолукту.
– Салык кызматы өтүп бараткан аптада – мамлекеттик кызматта иштегендердин киреше декларацияларын жарыялай баштады, ал эми ЭТТН боюнча айрым ишкерлерге жеңилдиктер берилет деп айтылууда.
– Биринчи январдан тартып – 2022-жылдын биринчи январына чейин салык боюнча карыз болгон ишкерлерге мунапыс жарыяланды.
– Камчыбек Ташиевдин айтымында, 2021-жылдын апрелинде кошуна Тажикстан менен болгон кагылышууда Кыргызстан өтө көп чыгашага коррупциянын айынан учураган – кыргыз аскерлеринин колунда тапанча-мылтыктан башка эч нерсе болгон эмес, бирок андан бери абал кескин жакшырды.
– Маалымат каражаттары тууралуу жаңы мыйзамдын 6-версиясы Жогорку кеңештин кароосуна түштү. Ага ылайык, бир жылдын ичинде экиден ашык эскертүү алган маалымат каражаттары жабылышы мүмкүн.
– Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асейин Исаев 14-15-январда Аддис-Абеба шаарында Африка союзунун 49-жыйынына конок катары катышты.
– Сербиялык Numbeo сайты ушул аптада жарыялаган рейтингде Бишкек – дүйнөдөгү эң кымбат 300 шаардын катарына кирди. Жашоо үчүң эң кымбат шаарлар – Цюрих, Лозанна, Женева, Нью-Йорк жана Базель.
– Америкалык Global Firepower деген сайт жарыялаган рейтингге караганда, аскерий күчү боюнча Кыргызстан 145 мамлекеттин ичинен 105-орунга коюлган. Эң күчтүү мамлекеттер – АКШ, Орусия, Кытай, Индия жана Түштүк Корея.
– Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин айтымында, темир жолду толугу менен шаар сыртына чыгаруу иштери даярдалып жатат.
– Бишкек мэриясынын айтымында, автобустагы кире акысы 40 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн, бирок карта менен төлөгөндө 17 сом бойдон калат.
– АКШнын каржы министрлиги 15-январда – Кыргызстандын «Керемет-банкына» карата санкция жарыялады, анткени бул банк Орусиянын «Промсвязьбанкы» менен кызматташкан, ал болсо Украинадагы согушка жардам берет.
https://youtu.be/aoZxzoIzC4U