2024-жылдын 3-ноябрдан тогузуна чейинки окуялар тууралуу белгилүү журналист жана тарыхчы, «Мурас» фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов менен маек.
– Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын мамлекеттик сапары Кыргызстанда эң жогорку денгээлде уюштурулду, жаңы «Ынтымак ордо» дагы ушундай бийик жолугушууларды өткөрүүгө өтө ыңгайлуу экен. Кыргызстан менен Түркия ортосунда баардык тармактагы стратегиялык кызматташуу боюнча келишим түзүлдү, эки өлкө ортосундагы бир жылдык сооданын көлөмүн 5 млрд долларга жеткирүү тууралуу сүйлөшүлдү, 59 млн долларлык карыз кечирилди жана ал акча жашыл экономикага жумшалмай болду. Эртеси өткөн Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун саммитинде дагы жашыл экономиканы өнүктүрүү жөнүндө чечим кабыл алынды, Бишкекти болсо 2025-жылы Түрк дүйнөсүнүн санарип борбору кылуу жана Жалал-Абадды туризм борборуна айландыруу тууралуу дагы макулдашылды. Түрк саммиттерине акыркы мезгилде мажар премьери Виктор Орбандын дагы катышуусу активдешүүдө.
– 2017-жылдан бери Кыргызстан 7-ноябрды Тарыхты эскерүү жана 8-ноябрды 1916-жылдан 1938-жылга чейин репрессияланганын бириктирип, Ата-бабаларды эскерүү күнү деп жарыялаган. Андан тышкары, 8-ноябрь – 1916-жылдагы жана 1937-1938-жылдары репрессиялангандарды эскерүү күнү. Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түптөгөндөр ичинен Ата-Бейитте Жусуп Абдракманов менен Иманаалы Айдарбеков жатат, ал эми Ишенаалы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков жана Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү кай жерде жашырылганы эмгиче белгисиз, ушул маселени жакшылап иликтөө керек эле.
– Быйыл Кара-Кыргыз автономиялуу облустун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгы менен кошо кыргыз журналистикасынын түптөлгөнүнүн 100 жылдыгы белгиленип жатат. Ошол кезде автономиялуу облус негиздеп жаткан ата-бабалар маалымат каражаттарын өнүктүрүү дагы өтө маанилүү экенин билип-түшүнгөн. Ал кезде кыргыздар жашаган түндүк аймактар Казакстандын курамына, ал эми түштүк аймактар Түркстан АССРине кирип кетиши толук мүмкүн болчу. Азыр «Кыргыз туусу» болуп калган «Эркин тоо» гезитинин алгачкы 6 саны Ташкенде, андан кийинкилери Бишкекте чыга баштаган. Бирок ага чейин эле, 1910-жылы Белек Солтоноев Верный шаарында чыккан «Ведомости Семиреченской области» деген гезитке кабарчы болгон…
Жуманын негизги окуялары:
– 5-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган келди, эки өлкө ортосунда баардык тармактагы стратегиялык кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду.
– Президент Садыр Жапаров Эрдоганды Биринчи даражадагы «Манас» ордени менен сыйлады. Жапаров Эрдоганды атка мингизсе, Эрдоган белекке – Түркияда өндүрүлгөн электромобиль ала келген экен.
– Кыргызстандын Түркияга болгон 58 млн 900 миң доллар карызын Анкара кечти, буга чейин, 2014-жылы, $52 млн карыз кечирилген экен.
– Ошол эле күнү Кыргызстанга мажар премьер-министри Виктор Орбан расмий сапар менен келди, кийинки күнү өткөн саммитте Орбан – Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды, ал эми азери президенти Илхам Алиевге Айтматов ордени берилди.
– 6-ноябрда Бишкекте Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун 11-саммити болуп өттү, анда 9 документке, алар ичинде Түрк дүйнөсүнүн хартиясына да кол коюлду. Уюмга 5 өлкө – Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан менен Түркия мүчө, дагы 2 өлкө – Мажарстан менен Түркмөнстан жана толук тааныла элек Түндүк Кипр – байкоочу.
– Эрдогандын визити алкагында Бишкекте УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Түркиянын чалгындоо кызматынын жетекчиси Ибрагим Калын ортосунда да жолугушуу болуп өттү.
– Кечээ, 8-ноябрда, 1930-жылдардагы репрессиянын курмандыктарын эскерүү күнү болду, 7-8-ноябрь болсо Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү деп белгиленген.
– Кечээ, 8-ноябрда, президент Садыр Жапаров ислам динаятчылары менен жолугуп, «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү» мыйзам долбоорун талкуулады.
– 4-ноябрда Бишкекте өткөн Өнүгүү боюнча улуттук форумда минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров чыгып сүйлөп, өлкө экономикасы азыр Кумтөргө болгон көз карандылыктан кутулду жана мектептеги билим берүү системасына жаңылыктар киргизиле турганын билдирди.
– 7-ноябрда Билим берүү министрлиги билдиргенге караганда, Кыргыз-Түрк «Манас» университети Азия өлкөлөрүнүн рейтингинде 230-орунга чыкканын билдирди, Ош мамлекеттик университети менен Борбор Азиядагы америкалык университет 260-орунда экен.
– Эмгек министрлиги 5-ноябрда билдиргенге караганда, Кыргызстандан Орусияга барып иштеп жүргөн эмгек мигранттарынын саны былтыркыга караганда 64 миңге азайыптыр.
– Дүйшөмбү күнү Азимбек Бекназаров үй камагына чыгарылды, 2010-жылдагы революциядан кийин каржылык мыйзам бузуулар боюнча камакка ал 12-сентябрда алынган.
– 7-ноябрда кыргыз журналистикасынын 100 жылдыгы белгиленди – 1924-жылдын 7-ноябрында биринчи кыргыз тилиндеги «Эркин тоо» деген гезит чыккан, азыр ал «Кыргыз туусу» деп аталат.
– Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров 7-ноябрда журналисттер менен жолугуп, өлкөгө көбүрөөк турист келишин камсыздоо үчүн, терс маалыматка караганда, өлкөнү даңазалаган кабарлар чыкса деп суранды.
– Ошол эле жыйында Акылбек Жапаров – Кыргызстан азыр жыл сайын тышкы карыздын 400 млн долларын төлөп жатат жана карыздын жалпы көлөмү ички дүң өндүрүмдүн 50 гана пайызына жакын деп билдирди.
– Дүйшөмбү күнү «Кыргыз туусу» менен «Слово Кыргызстана» гезиттеринин баш редакторлору Мырзакат Тыналиев менен Тамара Слащёва кызматтарынан алынды.
– 5-ноябрда Жогорку кеңештин спикери Нурлан Шакиев – соттолгон журналисттерди боштондукка чыгаруу боюнча аракеттер көрүлүшү мүмкүн деп билдирди.
– 7-ноябрда «Кыргыз тили» гезитинин баш редактору Дүйшөнбек Керимов 68 жашында каза болду.
– Ошол эле 7-ноябрдагы журналисттер менен болгон жолугушууда Акылбек Жапаров – келээрки жазда «Ынтымак ордонун» маңдайында жаңы өкмөт үйү курулат, мамлекеттик мекемелер азыр ээлеп турган имараттар болсо аукцион аркылуу сатылат деп айтты.
– 6-ноябрда белгилүү болгондой, минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, «Эйр КейДжи» мамлекеттик авиакомпаниясы түзүлмөй болду. Анын алдында президент Садыр Жапаров кол койгон буйрукка ылайык жаңы авикомпанияларды каттоого мораторий салынган.
– Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 8-ноябрда Сингапурда туруктуу өнүгүү жана соода министри Грейс Фу менен сүйлөшүү жүргүзүп келди.
– 5-ноябрда «Абдыш-ата» футбол клубу катары менен 3-жолу Кыргызстандын чемпиону болду.